Кумтөрдүн иши боюнча тогуз адамга кылмыш иши козголду

Кумтөрдүн иши боюнча тогуз адамга кылмыш иши козголду

Кумтөр алтын кениндеги каржылык мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тогуз адам жоопко тартылууда. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖЧК алтын өндүрүүнү жана сатууну изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссия Кумтөрдү текшерүүнү аяктады — баалуу металлды уурдоо фактылары табылган эмес.

Малиев ошондой эле Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар боюнча тогуз адамга төрт кылмыш иши козголгонун билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова келтирилген зыяндын өлчөмү жана инсандары такталып, Эсеп палатасынын корутундусу да бар экенине карабастан, кылмыш иштеринин тергелиши создуктурулуп жатканы тууралуу маселени көтөрдү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери