Кумтөрдүн алтыны Улуттук банк менен швейцариялык UBS сакталууда – депутаттар

Кумтөрдүн алтыны Улуттук банк менен швейцариялык UBS сакталууда – депутаттар

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКын алтын казып алуу жана сатуу ишин текшерип бүттү. Баалуу металлды уурдоо фактылары табылган жок.

Депутаттык комиссиянын корутундусу 16-мартта парламенттин жалпы жыйынында угулду. Депутаттар Кумтөр кени КР менчигине өткөн учурдан тартып иштетүүчүнүн ишмердүүлүгүн изилдеп чыгышты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиевдин айтымында, 2023-жылдын 30-январына карата кенден казылып алынган алтындын көлөмү 45 тонна 306.16 кг түзөт.

Анын ичинен 43 тонна 944.13 кг Улуттук банктын кампасында, 1 тонна 362.03 кг швейцариялык UBS ьанкында.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери