Бишкекте үй куруу үчүн панелдерди чыгаруу цехи иштей баштайт. Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ААКсы билдирди.
Үй куруу панелдерин чыгаруучу италиялык жабдуулар цехке жеткирилип, түшүрүлдү. Оңдоо иштери аяктагандан кийин «Кыргызиндустриянын» адистери жабдууларды орнотууга киришет.
Үй куруу үчүн панелдерди жасоочу заводду ишке киргизүүдө анын долбоордук кубаттуулукка чыгышы, социалдык жана өнөр жайлык объекттерди куруу боюнча маселелердин ишке ашырылышы Кыргызстанда цемент заводдордун иш менен толук камсыз болушун жана жалпы эле курулуш тармагынын өнүгүшүн камсыз кылат.