Бийлик тигүү тармагынын өкүлдөрү менен чечилбеген суроолорду талкуулайт

Бийлик тигүү тармагынын өкүлдөрү менен чечилбеген суроолорду талкуулайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын 22-мартында саат 16:00дө Экономика жана коммерция министрлигинин кеңсесинде өлкөдөгү тигүү тармагынын ишкерлери менен жолугат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун максаты, тигүү тармагындагы ата-мекендик ишкерлерди колдоо жана бул тармакты өнүктүрүү. Ошондой эле, ишкерлер өздөрүнүн негизги көйгөлүү маселелерин билдирип, чечилбеген суроолорун мамлекеттик органдар менен талкуулоого мумкүнчүлүк жаралат. Өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында КР тигүү тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгат.

Жолугушууга катышууга кызыккан тигүү тармагынын өкүлдөрү, төмөндөгү номер аркылуу байланышып, маалымат алышса болот.

(Елдос Сагымбаев, 0555 262 929; 0312 62-05-35 кош. 276; 132)

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери