Бакыт Төрөбаев пакистандык ишкерлер менен жолукту

Бакыт Төрөбаев пакистандык ишкерлер менен жолукту

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пакистандан келген ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар негизинен фармацевтика, жеңил өнөр жай, энергетика, билим берүү, инвестициялык, технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.  
 
Белгилей кетсек, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү $11 млн 961 миң

түзгөн. Эки тараптуу соода жүгүртүү тармагын мындан ары дагы жакшыртуу максатында Кыргызстандын Пакистандагы Лахор шаарында жайгашкан соода үйүндө кыргыз продукцияларынын арбын болушуна баардык аракеттер жумшалат.  
 
Өз кезегинде Пакистан делегациясынын өкүлдөрү КР ишенимдүү бизнес өнөктөш катары караарын, активдүү кызматташууга жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери