Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, жиберилген куткаруучулар тобу жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн гуманитардык, каржылык жардам жана кыргыз тараптан жөнөтүлгөн мобилдик оорукана үчүн ыраазычылык билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери