Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Зилалиев 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан $50 миң өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, Зилалиев айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес.
Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында Зилалиев КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.