Бишкекте «Кыргызстан-Пакистан» форуму өтүүдө

Бишкекте «Кыргызстан-Пакистан» форуму өтүүдө

Бишкекте Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Соода-өнөр жай палатасы, КРын элчилиги жана USAID бизнес миссиясы менен биргеликте уюштурган соода-инвестициялык бизнес-форум өтүп жатат. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев КР менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чара ишкерлер үчүн кызматташууну активдештирүү жана ийгиликтүү жана жемиштүү B2B жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен Пакистандан келген «Глобалдык бизнес альянс» уюмунун ортосунда «Пакистан-Кыргызстан» соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери