Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн атайын эсебине келип түшкөн ыктыярдуу кайрымдуулуктан бүгүнкү күнгө карата 349.3 млн сом чогулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, анын ичинен 84.4 млн сом мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында жабыр тарткан адамдарга компенсация төлөөгө багытталган.
Ошондой эле Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, 145 млн сом, бөлүнүп берилген, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар мамлекеттик администрацияларынын эсебине толук көлөмдө которулган.
Чек арада болгон окуялардын зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 84.4 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 68.5 млн сом иштетилген.
Жеке ишкерлерге бир жолку компенсация төлөп берүүго 50.4 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 23.7 млн сом иштетилген. 2023-жылга компенсацияга 28.4 млн сом каралган.