Баткенди калыбына келтирүү үчүн курулуш иштерине 2.5 млрд сом бөлүнгөн

Баткенди калыбына келтирүү үчүн курулуш иштерине 2.5 млрд сом бөлүнгөн

Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2.5 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каражаттар социалдык объекттердин, ирригациялык курулмалардын курулуш жана капиталдык оңдоо иштерине, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштерине, турак жай курулуш иштерине бөлүнүп берилген.

Ошондой эле Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 млн сому бөлүнүп берилген. 587 ишкердик субъекттерине 484.6 млн сом өлчөмүндө каржылоо насыялары берилген.

Эске салсак, минкаб Баткен облусундагы мамлекеттик чек арада кыргыз-тажик участкаларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө иштер жүргүздү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери