Акылбек Жапаров кытай делегациясын кабыл алды

Акылбек Жапаров кытай делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер боюнча Канцеляриясынын жетекчиси Цай Сяньцзин башында турган кытайлык делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, делегациянын курамына «Zhongtong Bus» компаниясынын башкы директору Пэн Фэн жана «Zhongtong Bus Overseas» Marketing компаниясынын башкы директору Чжу Юнху жана башка кытай корпорациялардын өкүлдөрү кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган бардык тармактар боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелери талкууланды. Тагыраагы, тараптар Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1500 автобус алуу маселесин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы жогорудагы долбоорду ишке ашырууда Бишкек шаарында тейлөө борборлорун ачууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери