«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» — президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» — президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши тууралуу жооп кайтты.

Анын айтымында, ишканада алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон.

«Бул эми адамдык фактор. «Кумтөрдү» иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: «Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште», — деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта», — деди президент

Жапаров камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун деп талап кылууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери