Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат.
Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам».
Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.
Саммиттин ишине КР, Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары катышат.