Кара-Балта мэриясынын балансына шаарда жайгашкан жер тилкеси менен даарыкана имараты жана бала бакча кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Бирок, текшерүүдѳ жогорудагы мүлктөрдүн бири да муниципалдык менчикке кабыл алынбагандыгы аныкталган. Көз карандысыз баалоочулардын маалыматына боюнча жер тилкелеринин жана имарат-курулуштардын жалпы баасы 34 млн 591 миң 992 сомду түзгөндүгү такталган.
Жыйынтыгында, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө Кара-Балта шаардык мэриясына талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдүн баары шаардык мэриянын балансына толук ѳткѳрүлгѳн.