Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу – Мелис Тургунбаевди тааныштырды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
«Бизде жердин үстүндө жана алдында эмне бар экиндиги жөнүндө толук маалымат жок. Электр энергиясын өндүрүүгө боло турган бизде канча мөңгү, дарыя жана суу бар. Бул маалымат бизге биринчи кезекте жашыл энергетиканы өнүктүрүү үчүн керек. Бул маалыматтар бизде жакынкы аралыкта болушу керек», — деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле, Тургунбаев бир нече чет тилдерди жакшы билет, экономика илимдеринин доктору жана корпоративдик башкарууда чоң тажрыйбасы бар экенин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин министр Динара Кутманова ээлеген кызматынан алынган.