Бишкекте капиталдык курулуш башкармасы №20 балдар бакчасын реконструкциялоодо. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакча Нарвская, 74 дарегинде жайгашкан.
Бүгүнкү күндө иштердин 57% аяктады. Терезелерди орнотуу, имараттын профилин өзгөртүү жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда бакчанын аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда.
Бала бакча 130 балага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар тайпа, кенже тайпа, 2 жогорку тайпа жана 2 мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот.
«Аргын Куралуш» ЖЧКсы подряддык уюм катары иш алып барууда.