2023-жылдын эки айында контрабанда менен күрөшүү бюджетке 56.3 млн алып келди

2023-жылдын эки айында контрабанда менен күрөшүү бюджетке 56.3 млн алып келди

2023-жылдын январь, февраль айларында Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы тармагында укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган фактылардын ичине төмөнкүлөр кирген:

  • укук бузуулар боюнча 736 иш козголуп, аны кароонун натыйжасында 5.1 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлүп, 14.5 млн сом өлчөмүндө КЖК жана алдын алуу иш-чараларынын алкагында бажы төлөмдөрү төлөнгөн;
  • кылмыш-жазык фактылары боюнча 39 материал өткөрүлүп, алар боюнча 36.6 млн сом зыяндын орду толтурулган;
  • бюджетке кошумча кирешелердин жалпы көлөмү 46 млн сомго көбөйгөн. Эгерде 2022-жылдын 2 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 9.6 млн сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында бул көрсөткүч 56.3 млн сомду түзгөн.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери