Жалал-Абад облусунун ӨКМнин башкармалыгынын өрт өчүрүүчү автоунаалардын 85% жаңыланды. Бул тууралуу министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө 16 даана HOWO жана 10 даана KAMAZ жаңы заманбап өрт өчүрүүчү авто унаалар алынып келинди.
Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алынып келген техникалар алдыдагы күндөрү облус туругундары үчүн тынымсыз кызмат көрсөтүп баштайт. Облус аймагына өткөн жылы 8 даана өрт өчүрүүчү авто унаалар алынып келген.