Жакынкы күндөрү бийлик Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишканалар менен жолугат

Жакынкы күндөрү бийлик Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишканалар менен жолугат

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлөөрү пландалып жатат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын China Communications Construction Group Limited корпорациясынын башкы директорунун орун басары Чэн Чжун менен жолукту. Жолугушууда Төрөбаев пландалып жаткан жолугушуулар тууралуу маалыматты берди.

Анын айтымында, кытайлык ишкерлер туш болгон маселелер жана ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуулар болоору пландалып жатат.  

Анда кыргыз тарап энергетика тармагында, унаа жана темир жолдорун куруу тармагында жана аба каттамдарын жакшыртуу сыяктуу бир катар долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу сунушун киргизди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери