13-мартта Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна $35 млн сатты. Бул тууралуу мекеме өзүнүн сайтында билдирди.
Бул жыл башынан бери регулятордун бешинчи жолу валюта рыногуна кийлигишүүсү болуп саналат. Улуттук банк акыркы жолу 15-февралда рынокко чыгып, $35.6 млн саткан. Жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк $262.17 млн саткан.
Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция жасаган. Анын ичинен $486.5 млн сатып жана $190.7 млн сатып алган.