2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Мурда КР жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу (КР менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо).
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:
- КР аймагында кайрылган учурда – аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борбору (КТБ);
- КР чегинен тышкары жерде кайрылган учурда – КР чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.
Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат.
Бардык талаптар менен министрликтин сайтынан таанышууга болот.