Медет Садыркуловдун кызы «Бакай банктын» директорлор кеңешине кирди

Медет Садыркуловдун кызы «Бакай банктын» директорлор кеңешине кирди

«Бакай Банктын» акционерлери 10-мартта өткөн акционерлердин жалпы жылдык жыйынында директорлор кеңешинин курамын тогуз кишиге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Такталгандай, Тимур Ибрагимов менен Айжан Садыркулова жетектөөчү кеңештин жаңы курамына киришти.

Эске салсак, Ибрагимов банктын негизги акционери жана директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимовдун уулу. Ал «Кыргыз мит фуд» компаниясынын ээси жана «Кыргыз Конъягынын» тең ээси.

Айжан Садыркулова президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси маркум Медет Садыркуловдун кызы. 2013-жылы Кыргызстандын Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган. 2016-жылы Эсеп палатасынын аудитору, 2021-жылы ошол эле жылы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин мекеменин төрагасынын милдетин аткарган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери