Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкын түзүү пландалууда. Бул тууралуу 13-мартта Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясынын (IBIC) вице-президенти Валентин Добрынин Ислам инвестициялык бизнес форумунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында КРда биринчи ислам банкын түзүү пландаштырылууда. Анткени, учурда өлкөдө шарият эрежелери боюнча гана иш алып барган бир дагы банк жок.
«КР жарандарынын арасында пайызсыз кредиттерге жана ислам банкингине шайкеш келген финансылык продуктыларга абдан муктаждык бар. Бул муктаждык кыймылсыз мүлк, унаа, смартфон сатып алууда, же өз бизнесин ачууда көрүнөт», — деди Добрынин.
Ал кошумчалагандай, Iman банкын түзүү үчүн $30 млн жакын каражат керек.
«$25 млн жакын инвесторлордон (банктын уюштуруучуларынан) табууга болот жана IFC $5 млн бөлүүгө даяр. Кошумчалай кетсек, IBIC корпорациясы $2.5 млн жакын өз каражаттарын инвестициялай алат. Кийинчерээк уставдык капитал $100 млн чейин көбөйтүлөт», — деп жыйынтыктады Добрынин.