«Керемет банктын» иши боюнча Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги кармалды

«Керемет банктын» иши боюнча Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги кармалды

«Росинбанк» ААКсынын (азыркы учурда «Керемет банк») акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.» аттуу жарандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Таратылган маалыматтагы инициалдарга кайрылсак, ошол учурда Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары Нурбек Жеңиш жана Айнура Тезекбаева, башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү Алмаз Сыдыков жана Нурланбек Сагындыков болгон.

Тергөө бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Эске салсак, февраль айында Улуттук банктын башкармалыктын мурдагы мүчөсү Тимур Джусупов кармалган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери