Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында АРИСтин долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.
Жыйында баяндама жасаган аталган мекеменин аткаруучу директорунун орун басары Асель Мамбеткулова 2010-жылдан 2023-жылдын февралына чейинки мезгилдеги АРИСтин аяктаган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлоруна токтолду.
Талкуу маалында депутат Улан Бакасов долбоорлордун жалпы бюджетине кызыгып, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү белгилегендей, көптөгөн айыл жерлеринде ичүүчү суу көйгөйү бар.
«Айрым айылдар долбоорго киргизилген, бирок жыйынтык жок. Алсак, Ат-Башы айылы Нарын районунун суу менен камсыз кылуу жана канализациясын өнүктүрүү программасына кирип, бирок курулуш иштери азыркыга чейин баштала элек», — деди ал.
Депутат Айбек Осмонов Ош шаарын таза суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугун баса белгилеп, АРИСтин ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу суроолорун узатты.