Жалал-Абадда тиешелүү шаар куруу жана уруксаат документтери жок системалуу түрдө көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» КР Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, «шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш».
Бирок, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.