Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолукту

Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен жолукту

Президент Садыр Жапаров, 11-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы ал жакта чогулган адамдар менен жолугуп, баарлашты. Жергиликтүү тургундар тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелер көтөрүлдү.

Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу биринчи кезекте ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын, бул жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөкпулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери