Президент Садыр Жапаров, 11-мартта, Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Нарын» аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.
Маалыматты уккан соң мамлекет башчысы аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртууда аэропорттордун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкөнүн бардык аймактары менен аба байланышын жакшыртуу, өлкөнүн бардык аэропорттору толук кубаттуулукта иштеши үчүн аба каттамдарын өнүктүрүү зарыл.
Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.