Баш калаанын борборундагы бузулган «Нарын» ресторанынын ордуна курулуш башталды. Долбоор $321 млн бааланып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, президент Садыр Жапаров беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды.
Президент белгилегендей, мамлекеттик саясат — инвесторлордун каалаган тармакта ийгиликтүү иш алып барышына жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат, аларга ар тараптан жеңилдиктер бар — мисалга, мамлекет жер участокторун бекер берүүгө, бажы алымдарынан жана салык төлөөдө жеңилдиктерди берүүгө даяр.
«Эң башкысы бизде туруктуулук орноду, жарандарыбыз өлкөдө туруктуулук болмоюнча алга жылуу болбостугун абдан жакшы түшүнүп калышты», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт.
Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы ойлонуштурулган.