Энергетика министрлиги чакан гидроэлектростанцияларды куруу үчүн келечектүү участоктордун тизмесин даярдады. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
«Биздин өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну каалаган потенциалдуу инвесторлор келечектүү объекттердин тизмеси менен таанышып, тиешелүү ведомстволордон керектүү кеңештерди ала алышат. Министрлер кабинети ачыктык жана айкындык саясатын, инвесторлор жана жарыяланган инвестициялык долбоорлор менен кызматташуунун парадигмасын өзгөртүүнү жактайт. Энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн инвестициялык сунуштарга ачыкпыз», — деди Акылбек Жапаров.
Тизмеге 88 участок боюнча маалыматтар, алардын координаттары, гидроэнергетикалык мүнөздөмөлөрү киргизилген. Кеңештер үчүн байланыш телефону: 0557157000, email: greenfundkg@gmail.com.
Участоктордун толук тизмеси өкмөттүн сайтында жайгаштырылган.