Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы 2023-жылдын март айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 10 млрд 15.7 млн сом салык төлөгөн, анын ичинен 6.5 миллиард сомдон ашууну алтынды сатуудан түшкөн каражат. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда белгиленген.
«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн 697 млн сом төлөп берди, анын ичинде:
- Талас облусун өнүктүрүү фонду (50%) – 348 млн 935.8 миң сом;
- Талас районун өнүктүрүү фонду (30%) – 209 млн 361.5 миң сом;
- Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду (20%) 139 млн 574 миң сом.