Акылбек Жапаров Жызак облусунунда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

Акылбек Жапаров Жызак облусунунда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

Өзбекстан Республикасында жумуш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында компакттуу жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.  

Акылбек Жапаров Манас айылынын жашоочулары менен болгон жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү бийликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. 

«КР менен Өзбекстандын көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элдербиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп белгиледи минкабдын башчысы. 

Белгилей кетсек, 2018-жылы «Ыңгайлуу айыл» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырган. Алсак, Өзбекстан Республикасынын Президентинин демилгеси менен айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган. Ошондой эле, 34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пункттары курулуп, мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган болуучу. 

Мындан тышкары, заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери