2023-жылдын 28-февралына карата финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган, 36.2 млн сом суммасында 377 кредит жоюлган, 66.5 млн сом суммасында 227 кредит реструктуризацияланган. Ыкчам маалыматты Улуттак банк жарыялады.
Такталгандай, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:
- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 28-февралы аралыгында ФКУ тарабынан 2.8 млрд сомго 27 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;
- «Кепилдик фонду» ААК 254.4 млн сом суммасына 232 кредит боюнча 115.5 млн сом суммасына 228 кепилдик берген.
Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.
Жардам Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына көрсөтүлөт.