Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңешинин төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Төрага Нурланбек Шакиев кеңештин түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө токтолуп, Нурбек Сыдыгалиев менен Темир Сариев төраганын орун басарлары болуп дайындалганын маалымдады. Ал эми Акылбек Жапаров аталган кеңештин тең төрагасы бойдон калды.
«Айрыкча ишкердикти туруктуу өнүктүрүү жана тармактагы тоскоолдуктарды жоюу максатында биргелешип иш алып баруу үчүн Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин мааниси чоң», – деди Нурланбек Шакиев.
Андан сырткары, төрага ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан салык саясатына, банк секторуна жана ыксыз текшерүүлөргө тиешелүү көптөгөн кайрылуулар келип жатканын маалымдады.