Ташкентте Made in Kyrgyzstan соода борбору түзүлөт

Ташкентте Made in Kyrgyzstan соода борбору түзүлөт

Ташкентте Made in Kyrgyzstan соода борбору, Бишкекте болсо Made in Uzbekistan соода борбору түзүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 8-11-мартында Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында 2023-жылдын 9-мартында Ташкент шаарында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иштелип чыккан дүң жана чекене соода үчүн Ташкент шаарында Made in Kyrgyzstan жана Бишкек шаарында Made in Uzbekistan соода борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү боюнча «Жол картасы»;
  • Өзбекстан Республикасынын «Узавтосаноат» ААК, «ДТ Техник» ЖЧКсы жана КРнын «НУР» АК ортосунда Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (СКД) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • КРнын «Бишкек машина куруу заводу» ААКсы менен Өзбекстан Республикасынын «CHIRCHIQ MASHAGRO» ЖЧК компаниялар тобуна кирген «MOYHAQ SELMASH» ЖЧКсы менен стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери