Түркияга Ошто биргелешкен Визалык борборун ачуусу сунушталды

Түркияга Ошто биргелешкен Визалык борборун ачуусу сунушталды

2023-жылдын 9-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин Тышкы иштер министрлигинин консулдук маселелер боюнча Башкы дирекциясынын башчысы Хайрийе Нурдан Алтунташ менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Казакбаев түрк тарапка эки мамлекеттин жарандары үчүн визанын жана жашап турууга уруксаттын баасын өз ара төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мындан тышкары, Виза борбору тарабынан визаларды тариздөө боюнча кызматтардын баасын төмөндөтүү, ошондой эле Виза борборунун Ош шаарында өкүлчүлүгүн ачуу маселесин кароо өтүнүчү айтылды.

Эки мамлекеттин жарандарынын жүрүүсүнө, жашоосуна жана эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргызстан жана Түркия жарандарынын ички документтер (ID-карталар) боюнча өз ара барып-келүү мүмкүнчүлүгү, КР жарандарын Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салган «кара тизмеден» чыгаруу маселеси, ошондой эле Түркиянын аймагында КРын жарандары үчүн визасыз режимдин мөөнөтүн көбөйтүү маселеси талкууланды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери