Ошто Youth CUP инкубациялоо программасы расмий эмес ачылат

Ошто Youth CUP инкубациялоо программасы расмий эмес ачылат

11-март күнү ОшМУда өтө турган Youth CUP алдын-ала инкубациялоо программасынын расмий эмес ачылышына чакырат. Бул тууралуу Accelerate Prosperity билдирди.

Такталгандай, Youth CUP идеясы бар жаштар командалары менен иштешүү аркылуу алардын идеяларын толук кандуу стартапка чейин өсүп жетүүсүнө жардам берүүнү максаттайт. Мыкты долбоорлор өз идеяларын өнүктүрүү үчүн $10 миң инвестиция ала алышат.

Youth CUP алдын-ала инкубация программасына 20-мартка чейин катталсаңыз болот. Натыйжаларды бербеген долбоорлор программанын жүрүшүндө чыгарылып, бош орунга жаңы долбоорлорду алуу улантылат. Программа 8 жума бою онлайн түрүндө өтөт.  

Программага катышуу үчүн тандоо критерийлери:

  • Кыргызстандын бардык аймактарынан 29 жашка чейинки жарандар арыз бере алышат;
  • командада экиден кем эмес адам болушу керек;
  • идея, прототип менен тапшырса болот (биринчи сатылган продукцияларга уруксат берилет);
  • катышуу үчүн юридикалык каттоо же патент/күбөлүк талап кылынбайт;

Тапшыруу үчүн: https://kg.accelerateprosperity.org/youthcup23

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери