2023-жылдын 7-мартында КРын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарынын Кичи ишкерлер жана өнөр жайчылар палатасынын президенти Саджад Сарвар жана анын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча кыскача пикир алмашышты.
Тактап айтканда, пайдалуу кендерди, азык-түлүк, айыл чарба жана фармацевтика продукцияларын экспорттоо-импорттоо, ошондой эле эки тараптуу туризмди өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешти.