Кыргызстанда Кыргыз-кувейт инвестициялык фонду түзүлөт

Кыргызстанда Кыргыз-кувейт инвестициялык фонду түзүлөт

2023-жылдын 6-8-мартында Кувейт шаарында Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү отуруму өттү. Бул тууралуу Инвестициялык агенттиги билдирди.

Тараптар өкмөттөр аралык комиссиянын бардык деңгээлдеги кызматташтыкты илгерилетүү жана эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуунун натыйжалуу механизми катары маанилүүлүгүн белгилешти.

Кол коюлган протоколунун алкагында инвестициялык багытта кызматташуунун бир катар багыттары аныкталган. Өткөн комиссиянын негизги жетишкендиктеринин бири биргелешкен инвестициялык фондду түзүү маселесин талкуулоо болду.

Жакынкы арада Кыргызстан Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды жөнөтөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери