Электрондук товардык-транспорттук кагаздарга (ЭТТК) байланыштуу түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн натыйжасы ушундай нааразычылыктар болуп чыкты. Бул пикирди Жогорку Кеңештеги Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
«Андыктан алгач түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүп, андан кийин гана чечим кабыл алуу шарт. Ошондой эле дароо эле катуу жаза чараларды колдонбостон, ишкерлерге алгач эскертүү берүү зарыл. Ал эми Салык кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин экинчи окууда кароодо, бардык сунуш-пикирлерди эске алууга аракет кылабыз», — деп Шакиев убадалады.
Талкууда «Салык консультанттары палатасы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Татьяна Ким ЭТТК колдонуудагы көйгөйлөрдү көтөрсө, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Акбаралиев менен Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин президенти Сталбек Акматов салык саясатындагы маселелерге токтолушту.
Жыйын катышуучулары аталган кеңештин иши кайрадан жанданып, ишкерчиликке тиешелүү көйгөйлөр талкууланган негизги аянтчага айланганына ыраазычылыгын билдиришти.