Биринчи май райондук администрациясында башчы Максатбек Сазыкуловдун «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин өкүлү менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кут конушунда 25 турак үй калктын социалдык аялуу катмардагы 100 үй-бүлөгө, 700 орундуу мектеп, 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана медициналык амбулатория (ВАП) куруу пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин курулуш үчүн жер тилкеси аныкталган, учурда мамлекеттик акт таризделүүдө, андан кийин коомдук фонд тарабынан долбоор иштелип чыгып, тиешелүү шаардык кызматтарга макулдашууга жөнөтүлөт.
Маалымдама: «Ново-Павловка 100 га» (Кут) конушу 2005-жылы негизделген, калкынын саны 1500дөй адам, 550 үй курулган, Бишкектен 20 км чакырым аралыкта жайгашкан.