Бишкекте эки жүзгө жакын соодагер ККМге каршы чыгышты. Бул тууралуу 24.kg билдирди.
Маалыматка ылайык, нааразылык акциясы катышуучулар контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүгө, ЭТТН колдонууга жана соода ишмердигине бирдиктүү салык салууга каршы. Соодагерлер чекене соодага салык салуунун патенттик системасынан чыгууну талап кылышууда.
«Ишкерлердин укугун коргоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Махмуд Губайдулиндин айтымында, бул акцияга борбор калаадагы базарлардын өкүлдөрү гана эмес, аймактардан келген соодагерлер, ишкерлер да катышты.