Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен жүрөт.
Сапарынын алкагында Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүү ролун баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн эки млрд АКШ долларына жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.