Түркия жер титирөдөн кийин жардам жана колдоо көрсөткөн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди

Түркия жер титирөдөн кийин  жардам жана колдоо көрсөткөн Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди

2023-жылдын 7-мартында Түркиядагы КР элчиси Руслан Казакбаев Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Чавушоглу түрк элинин башына оор сыноо түшүп турганда көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн Кыргызстанга терең ыраазычылыгын билдирди, ал эми бул эки өлкө элинин ынтымагын дагы бекем чыңап, кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагын ачты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыгуусун туудурган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык боюнча маселелердин жоон тобун талкуулашты. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү пландары кеңири талкууланды.

Дипломаттар ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестиция) фондун түзүү маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу жана түрк компаниялары менен кыргыз тараптын ортосундагы талаштуу учурларды чечүү маселелерин талкуулашты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери