Кыргызстандын туристтик компаниялары Германияда көргөзмө уюштурушту

Кыргызстандын туристтик компаниялары Германияда көргөзмө уюштурушту

Кыргызстандын туристтик компаниялары Берлинде өткөн ITB-2023 эл аралык туристтик жарманкеге катышып, көргөзмө уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин жана ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик компанияларынын катышуусунда B2B бизнес эртең мененки тамак уюштурулду. Иш-чараны Кыргызстандагы Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) Кыргыз Республикасынын элчилиги менен биргеликте уюштурган.

Кыргызстандын туристтик компаниялары, ассоциациялары жана дестинациялары өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. B2B форматындагы жолугушуунун катышуучулары пикир алмашып, туризм тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери