Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан Global Textil, Fazman Textile, Art Soft Holdings жана Iftihor Kiyim Sanoat ишканаларында болушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Global Textile фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров жеңил өнөр жайы Кыргыз Республикасынын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экендигин белгиледи.
«Муну эске алуу менен Өзбекстан Республикасынын текстиль өндүрүшүнө инвестицияларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартуу боюнча тажрыйбасы биз үчүн өтө маанилүү. Биз ошондой эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү заказчиктерибиздин катарына сиздер жигердүү жана ийгиликтүү кызматташып жаткан дүйнөлүк бренддерди тартуу менен өнүгүүбүз керек», — деп билдирди Жапаров.