Кыргызстандыктар онлайн оюндарга дээрлик 33 млн сом сарпташкан

Кыргызстандыктар онлайн оюндарга дээрлик 33 млн сом сарпташкан

Кыргызстандыктар 2022-жылы онлайн оюндарга 32.9 млн сомдон ашык коротушкан. Жалпысынан 76.4 миң төлөм өткөрүлгөн. Маалыматтар Улуттук банктын отчетунда келтирилген.

Андан сырткары, көзөмөлдөөчү органдын айтымында, кыргызстандыктар башка интернет-тиркемелерде төлөмдөрдү активдүү жүргүзүүдө. Ошентип, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча толуктоонун жалпы суммасы дээрлик 207.4 млн сомду түздү.

Интернет-тиркемелердеги төлөмдөр Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи жарымында гана популярдуу болгон. Алсак, биринчи кварталда төлөмдөрдүн көлөмү 108.7 млн сомду, экинчи кварталда 93.3 млн сомду түздү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери