Кыргызстан менен Кувейт кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкуулашты

Кыргызстан менен Кувейт кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкуулашты

КР өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кол коюлган макулдашуунун алкагында жолугушуу болду. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Алмаз Бакетаев Кувейт шаарында өткөн экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынына катышты.

Бул иш-чарада экономика, соода жана инвестициялык кызматташуу, халал индустриясын стандартташтыруу, ошондой эле туризм тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-кувейт биргелешкен комиссиясынын 3-жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери