«Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2022-жылы Кыргызстандын бюджетине 32.1 млрд сом салыктарды, Соцфондго чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которду. Бул тууралуу 6-мартта аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Салыктардын жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү 19.3 млрд сомду түздү. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы КГК 2015–2020-жылдар аралыгындагы милдеттенмелер боюнча ыктыярдуу түрдө 12.8 млрд сом суммасында салык төлөгөн.
Кумтөр кени 17.3 тонна алтын өндүргөн. 2022-жылы алтынды сатуудан жалпы киреше $986.5 млн түздү, 2022-жылы кен казып алуу көлөмү 171.3 млн тоннаны түздү. Иш жузундө 12 айда 5.6 миллион тонна руда казылып алынган.