Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болот

Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болот

2026-жылга чейин тоок жумурткасы, эт, сүт, кумшекер, өсүмдүк майы, дан азыктары, картошка, жер-жемиш жана мөмө-жемиштер сыяктуу азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Төрөбаев «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча мамлекеттик ведомстволордун, банктардын жана айыл чарба тармагындагы ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү

Төрөбаев 2026-жылга чейин КР өнүктүрүүнүн улуттук программасында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бөлүнгөнүн билдирди. 

«Айыл чарба тармагын көтөрүүдөгү багыттардын бири катары кластердик өнүгүүнү карасак болот.  Мындайча айтканда, кластер — киреше табуу максатында чакан айыл чарба өндүрүшчүлөрүнүн өз ыктыяры менен биригүүсү. Ошондо өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз. Бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоонун бир бөлүгү экенин дайым айтып келем. Ошондой эле, бул үчүн 2026-жылга чейин эң көп керектелүүчү азык-түлүктөр менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоо боюнча Президент тапшырма койгон, биз аны аткаруубуз зарыл», — деди ал. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бакыт Төрөбаев: 2026-жылга чейин азык-түлүктөрдүн 9 кластеринде өсүш болот 9 марта 2023 г.    9:45
Таластагы IT-мектептин эки бүтүрүүчүсү россиялык Aifello компаниясына жумушка чакыруу алды 7 марта 2023 г.    18:31
Президент Чүй облусунун губернаторун жана райондук акимин кызматтарынан бошотту 7 марта 2023 г.    17:15
Айыл чарба министрине жеңилдетилген насыяларды берүүнүн көзөмөлүн күчөтүүнү тапшырылды 7 марта 2023 г.    16:30
Президент Садыр Жапаров айыл чарба министрин кабыл алды 7 марта 2023 г.    16:08
Корумдуда кыям жана козу карындарды чыгаруучу цех иштеп баштады 7 марта 2023 г.    15:19
Кыргызстандык Sonun бренди жашылча консерваларын Россияга, Казакстанга жана АКШга экспорттойт – видео 7 марта 2023 г.    14:29
Акча алмаштырууда мыйзамдарды бузуу үчүн эки алмашуу бюрого айып пул салынды 7 марта 2023 г.    13:09
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери